Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүш үчүн атайын жүрөккө атышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди:
- Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Эскертүү иретинде бутка же колго атса болмок. Үсөн дароо өлгөн.
«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Полковник Ниязбековдун тажыясы
Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришүүдө. (BTo)