Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барат

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облустун ички жолдорунун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырат.

Ошондой эле Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыгат.

Мындан тышкары «Кичи-Чаарат» фабрикасынын ачылышына катышат. (BTo)