Сот мурдагы президент Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугун карайт

Курсан Асанов жана Алмазбек Атамбаев. Атамбаевди кармоо операциясында тартылган тасмадан алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча адвокаттын арызын карайт. Адвокат Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, анда жактоочулар Атамбаевдин өзүн да сотко алып келүүнү талап кылышат.

- Сотко Алмазбек Атамбаевдин өзүн алып келиш керек, - деди ал. - Анткени ошол кишинин кызыкчылыктары каралып жатат. Мыйзам боюнча жактоочу жана шектүү адам сотко катышуусу зарыл, алар катышмайынча сот болбошу керек. Биз ошону талап кылабыз. Эгер судья ага карабай өткөрө берсе аргасыз болобуз, бирок сот мыйзам бузуу менен өткөн болот.

16-августка белгиленген соттук отурум прокурор материал менен таанышып чыгууну өтүнгөндүктөн жана тергөөчү келбей калгандыктан бүгүнкүгө жылдырылган.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)