Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады

Дүйшөмбү шаарынын базары.

Тажикстанда доллардын кымбатташы азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизүүдө. Картөшкө буга чейин килограммы 3 сомони турса, азыр 3,5-4кө жетти. Тооктун жумурткасы бир даанасы 70 дирам болсо, азыр 90дон сатылууда.

Сатуучулар товарды дүңүнөн алганда да баасы мурдагыдан кымбатыраак болгонун айтып жатышат.

20-августта Тажикстанда АКШ долларынын курсу көтөрүлгөн. Ага чейин банктар бир долларды 9 сомони 43 дирамдан сатып жаткан болсо, бул күнү 9 сомони 70 дирамга жеткен.

Өлкөнүн Улуттук банкы мындай чечим доллардын расмий курсу менен көмүскө базардагы баасында чоң айырма пайда болгонуна байланыштуу кабыл алынганын билдирди.