«Чоң жетиге» кирген, экономикасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин лидерлери Амазония токойлорун каптаган өрткө каршы күрөшүү үчүн материалдык-техникалык жана каржылык колдоо көрсөтүүнү макулдашты.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон 26-августта Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ биргелешип 22 млн. доллар бөлүп беришерин жана каражат дароо жеткирилерин билдирди.
Макулдашуу «Чоң жетинин» Биаррица шаарында өтүп жаткан саммитинин алкагында кабыл алынды. Макрон бул топко кирген мамлекеттер сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассемблеясында сунуштала турган Амазония боюнча кеңири демилгени да колдоого даяр экенин кошумчалады.
Түштүк Американын, өзгөчө Бразилиянын токойлорун каптаган өрт эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.
Көп адамдар Бразилиянын президенти Жаир Болсонаруну экологияга каршы сөздөрү жана Амазонканы жок кылууга мүмкүнүчүлүк түзүп бергени үчүн айыптап жатышат.