Премьер-министр облус жетекчилеринин ишин сындады

Өкмөттө өткөн кеңешме. 29-август, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облус жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде «өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай жатат» деп сындады.

- Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар. Жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү максатында биз жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү ыйгарым укуктарды берүүнү улантып жатабыз, - деди Абылгазиев. 

Ошондой эле ал аймактардагы ишкерлерге Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду», «Айыл Банк» жана «РСК Банк» сыяктуу финансы институттарынан насыя алууга колдоо көрсөтүү керек экенин айтты. Андан тышкары бизнес-долбоорлорго республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомду натыйжалуу өздөштүрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы «Кумтөр» кени боюнча кол коюлган келишимге ылайык, «Центеррадан» түшкөн акчанын көбү аймактарды өнүктүрүүгө жумшаларын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Ага ылайык, быйыл аймактагы ишкерликти өнүктүрүш үчүн жагымдуу шарт түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулары айтылган. (BTo)