Эгемендик майрамына арналган республикалык деңгээлдеги улуттук ат оюндар бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтөт. Программада көкбөрү, салбуурун, эр эңиш жана ат жарыш боюнча мелдештер каралган.
Алгач саат тогузда эр эңиш боюнча финалдык кармаштар жүрдү. Ал эми 10:00дө биринчи лиганын алкагында көкбөрү оюндарынын финалдык беттештери орун алат. Анда Таластын “Бакубат” жана Чүйдүн “Ак-Суу” командалары ойномокчу.
Ал эми түшкү саат 3тө көкбөрү боюнча жогорку лиганын финалы болуп, анда Оштун “Достук” командасы менен Таластын “Ынтымак” командасы чемпиондук наамды талашат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат оюндарын “Азаттык” түз ободо көрсөтмөкчү. (SDz)