Москва: «Единая Россия» мурдагыдан аз мандат алат

Москва шаарындагы добуш берүү процессинен.

8-сентябрда Москва шаардык кеңешине депутаттарды тандаган шайлоо бюллетендеринин 99 пайызы эсептелип бүттү. Анын баштапкы жыйынтыгына ылайык, бийликтеги «Единая Россия» партиясы шаардык кеңештеги 45 орундун 26сын алат деп күтүлүүдө. Ал эми системалык оппозициядан – Коммунисттер, «Яблоко» жана «Справедливая Россия» партияларынан 20 талапкер өттү. Коммунисттер партиясы 13, «Яблоко» партиясы менен «Справедливая Россия» үчтөн мандат алышы мүмкүн.

Бул шайлоого бийликтин талапкерлери акыркы кезде кадыр-баркы төмөндөп кеткен «Единая Россия» партиясынын атынан эмес, өз алдынча талапкер катары катышты. «Reuters» агенттигинин жазганына караганда, 2014-жылдагы шайлоодо «Единая Россия» партиясы 28 орун алса, дагы 10 мандат ал колдогон өз алдынча талапкерлерге тийген.

8-сентябрда Орусиянын жарандары өлкө боюнча губернаторлорду, мэрлерди жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлады.

Бирдиктүү добуш берүү күнү деп аталган шайлоодо Орусиянын 27 аймагында өткөн шайлоодо 16 губернатор шайланды. Жалпысынан өлкө боюнча талапкерлер ар кандай даражадагы 47 миң мандатка ат салышты.

Бул шайлоодо негизги көңүл Москвадагы добуш берүүгө бурулду. Добуш берүүгө көз салган «Голос» көз карандысыз уюму жалпысынан 1700дөй мыйзам бузуу катталганын, анын 560ы Москвада болгонун кабарлады. Ал эми Борбордук шайлоо комиссясынын башчысы Элла Памфилова «добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло турган олуттуу мыйзам бузуу катталган жок» деп билдирди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди шайлоого ат салышуудан четтетип койгон. Буга каршы болгон москвалыктар июль айынан бери бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча чыккан талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып, бир канча жолу ири нааразылык акциясын өткөргөн.