Кыргыз-тажик премьерлери чек араны тактоону күчөтүүнү сүйлөштү

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары Баткендеги чек ара аймагынан жолугушту. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзоданын жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кызыл-Бел» көзөмөл пунктунда өткөн жолугушууда эки өкмөт башчы тең акыркы окуяга өкүнүчүн билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшүү жүргөн.

«Тараптар эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгы үчүн чек арага чектеш райондордогу чыңалууну жоюу жана кырдаалды курчутууга жеткирбөө үчүн чара көрүү жөнүндө бирдиктүү ойлорун билдиришти», деп айтылат билдирүүдө.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолукту

Ошондой эле эки өкмөт башчы чек ара боюнча буга чейинки келишимдерди аткарууну жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашкан.

Ал эми акыркы окуя боюнча кандай конкреттүү чаралар көрүлгөнүн кыргыз өкмөтү кабарлаган жок.

Жолугушуу боюнча расмий Дүйшөмбү билдирүү тарата элек. (BkA)