Миңден ашык айдоочуга транспорт салыгын төлөбөгөнү үчүн айып салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейд иш-чарасынын жыйынтыгында 1 036 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Жалпысынан республика боюнча рейд учурунда 11 миң 670 автоунаа токтотулган. 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.

Мындан тышкары аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, шаардык кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүүдө.

Автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн айдоочулар негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир өткөн күнгө кошулган туумду кошуп төлөйт. (КЕ)