USAID кыргызстандык окуучулар үчүн басып чыгарган китептерин тапшырат

Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мектептерине кошумча окуу материал катары 400 миңге жакын китеп басылып чыкты.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында даярдалган китептерди Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү салтанаты бүгүн, 26-сентябрда Улуттук компьютердик гимназияда өтөт.

Долбоордун адиси Улукбек Аданбаев:

- Бул китептер - сабакта колдонулуучу эмес, кошумча окуу жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган жомоктордон турган, абдан сапаттуу, сүрөттөрү кызыктуу, балдарды окуганга кызыктыра турган мыкты китептер. Дагы бир өзгөчөлүгү - классификация деген маанилүү аспаптан өткөн. Балдардын жашына жана окуганды бат түшүнүү деңгээлине жараша бөлүнгөн, - деди.

«Келгиле, окуйбуз!» деп аталган төрт жылдык долбоордун максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмүн өркүндөтүү.

Долбоордун жалпы бюджети 9,9 миллион доллар. USAID 2020-жылга чейин Кыргызстандын мектептерине 1 миллион 200 миң китеп тапшырууну көздөйт. (RK)