Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди издөө уланууда.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлиги кабарлады. Министрликтин өкүлдөрү мурдагы жетекчинин кайда экенин аныктоо боюнча аракеттер кызуу жүрүп жатканын кошумчалашты.
Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин социалдык тармактагы айрым колдонуучулар Табалдиевди Анкара шаарынан көрүшкөнүн жазышкан.
Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары эч кандай комментарий беришкен жок.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылганы же чакырылбаганы айтылган эмес.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы аткаминерлер айыпталууда. (BkA)