Үй камагында отурушкан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 1-октябрда улантылат. Бул тууралуу алардын жактоочулары билдиришти.
29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.
12-сентябрдагы отурум болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Муну алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалашкан. (SE)