Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-октябрда саат 12:37де жердин силкинүүсү Алай районунун Аю-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл болуп сезилди.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо катталган жок.
Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.