Шаарда өткөн бош орундар жарманкесинде ар түрдүү мекеме-уюмдар, окуу борборлору жана өнөр жай ишканалары тарабынан 300 жумушчу орун сунушталды. Жарманкеге Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмү, эмгекке жарамдуу жаштар, жумуш берүүчүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, шаар тургундары катышты. Адистер иш издеген жарандарга бош орундар тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.
Иш-чараны уюштуруунун максаты - жумушсуз жаштарга көмөк көрсөтүү менен иш берүүчүлөргө да шарт түзүү болду. Шаар аймагында учурда 1600дөн ашык адам жумушсуз деп катталган.(RsK)