Путин: санкцияларды токтотууну сураган эмесмин, суранбайм дагы

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва эч качан Батыштан санкцияларды токтотууну суранбай турганын айтты. Мындай пикирин 2-октябрда Орусиянын энергетика жумалыгынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда билдирди:

- Мен мындай сураныч менен эч качан эч кимге кайрылган эмесмин, кайрылбаймын дагы. Мунун бир канча себептери бар. Биринчиден, минтип сурануунун пайдасы болмок эмес. Алака-катыштын жакшырышы өз ара түшүнүшүүгө байланыштуу болот. Экинчиден, санкцияларга эч кандай негиз жок. Негиздин өзү жок.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан бери АКШ жана Европа мамлекеттери Москвага каршы түрдүү санкцияларды күчөткөн.