Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарына каттаган кыргыз жарандарын аэропорттон этият болууга чакырды.
Мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө Дубайдын аэропортунда кийинки убакта бул өлкөдө тыюу салынган дары-дармекти, тактап айтканда, баңгизат аралашкан «Лирика» деген препаратты мыйзамсыз алып кирүү фактыларына байланыштуу кыргызстандыктар колго түшкөн учурлар көбөйүп жатканы айтылат.
«Аэропорттун коопсуздук кызматына жана бажычыларга кармалган кыргыз жарандары көбөйүп жатканына өзгөчө көңүл бурабыз. Сак болууга жана аэропорттон бейтааныш же шектүү адамдардан ар кандай конверт жана бандероль албоого чакырабыз. Эгер тыюу салынган буюм же зат табылса жоопкерчилик ошол жүктү ташып бара жаткан жарандын өзүндө болот», деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Прегабалин («Лирика») деген препарат катуу ооруну басыш үчүн рецепт боюнча гана берилүүгө тийиш. (RK)