Түркияда кыргызстандык аял сойкулуктан куткарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Анталиянын ички иштер бөлүмү «Твиттердеги» расмий баракчасына маалымат жарыялады. Анда куткарылган аялдардын арасында бир кыргызстандык келин бар экени айтылат.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда Анталия шаарынын Серик аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында кыз-келиндерди сойкулукка мажбурлаган топ кармалган. Шектүүлөр жети аялды төрт башка батирде кармап, зордук-зомбулук менен сойкулукка мажбурлаган.

Түркияда сойкулук үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдү жергиликтүү миграция мекемеси депортация кылат. Өлкөнүн Жазык кодексинин 227-беренесине ылайык, сойкулукка мажбурлаган жана ага колдоо көрсөткөн адамдар эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылат. (ElB)