Шекафтар - Терек-Сай электр зымдары жаңыланууда

Сүрөт «Жалал-Абад электро» ишканасыныкы.

1967-жылдан бери иштеп, техникалык жоготуу жана авариялык өчүрүү көп катталган, кубаттуулугу 35 кВт Шекафтар - Терек-Сай аба чубалгылары жаңыланып жатат.

«Жалал-Абад электро» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, 45 чакырымдагы жыгачтан коюлган мамычалар эскирип, аба ырайынын өзгөрүшүнө туруштук бере албай, техникалык жоготуу көп болгон. Быйыл ишкананын эсебинен 4 млн. сом каражат бөлүнүп, эки чакырымдагы бөлүгү алмаштырылып жатат.

Учурда жалпы линиянын 8 чакырымы жаңыланып, СК-22 үлгүсүндөгү 32 даана темир бетон жана алты анкердик металл мамыча орнотулган. «Жалал-Абад электро» ишканасы облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көрсөтүп, анда 1,5 миңден ашык кызматкер эмгектенет. (RsK)