Иран бийлиги орусиялык журналист Юлия Юзикти бошотту

Юлия Юзик - «Алланын колуктулары» жана «Беслан күндөлүгү» китептеринин автору.

Орусиянын Тегерандагы элчилиги Юлия Юзик Москвага учуп кеткенин ырастады. 

Элчиликтин 10-октябрда тараткан билдирүүсүндө «Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Тегерандагы орусиялык элчиликтин биргелешкен иш-аракетинин негизинде Иран тарап Орусиянын жараны Юлия Юзикти бошотууга макул болду» деп айтылат.

Журналистке кандай айып коюлганы жана ал биротоло алынып-алынбаганы азырынча белгисиз. 

Юлия Юзик Иранга жеке чакыруу менен барган жана 7-октябрда  камакка алынган. Тегеран анын визасына байланыштуу маселе бар болгонун билдирген. 

Юлия Юзик - жанкечти аялдардын тагдырын, Беслан трагедиясын баяндаган китептердин автору. 2016-жылы Мамлекеттик Думага депутаттыкка да ат салышкан.