Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков жана Гурбангулы Бердымухамедов.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 11-октябрда Ашхабад шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда эки өлкөнүн президенттери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) барды. (BTo)