Лукашенко КМШны Украинадагы «жаңы бийликти колдоого» үндөдү

Лукашенко менен Зеленский. Житомир, 4-октябрь, 2019-жыл

Беларус президенти Александр Лукашенко Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлерин «Украинадагы жаңы бийликти» колдоого чакырды.

Ал бул тууралуу Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өтүп жаткан КМШ кеңешинин жыйынында билдирди.

Лукашенконун айтымында, «бийликти төңкөрүү, кулатуу» тенденциясы пайда болду. «Бирок андан кийин Украинанын башына ким келерин түшүнүшүбүз керек», - деген Лукашенконун сөздөрүн БелТА агенттиги келтирген. Президент «украин бийлигин төңкөрүүнү ким көздөп жатканын» белгилеген жок.

Лукашкенко менен Зеленский бир нече күн мурда Житомирде жолугушкан. Анда беларус лидери Донбасстагы согушту "Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал" деп атап, арачы болуу жөнүндө сунуш киргизген.

Ашхабаддагы жыйынга Орусиянын президенти Владимир Путин да катышып жатат. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыйын алдында Тажикстан менен Түркмөнстандын лидерлери менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.