«Манас» аэропортунун айрым кызматкерлери жетекчилигине нааразы

«Манас» эл аралык аэропорту.

«Манас» эл аралык аэропортунун 40тай кызматкери бүгүн жетекчиликтин акыркы чечимдерине нааразылыгын билдирип чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» кызматкерлердин бири Рахат Боронбаев билдирди. Анын айтымында, аэропорттун жетекчилиги бир нече коопсуздук кызматкерин акы төлөнбөгөн эс алууга чыгууга мажбурлап жатат.

- Мындай жол менен аэропорт жетекчилиги кызматкерлерди жумуштан бошотуп, ордуна башка адамдарды алып келүүнү каалап жатат, - деди Боронбаев.

Буга байланыштуу 40га жакын кызматкер аэропорттун аймагына чогулуп, нааразылыгын билдирүүдө.

Бирок «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы «нааразылык акциясы өтүп жатат» деген кабарды четке кагууда. Басма сөз катчы Алия Курбанованын айтымында, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын талаптарына жана Эл аралык жарандык авиация уюумунун (ИКАО) нормаларына ылайык, аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздук системасы бирдиктүү болушу зарыл.

- Ушуга байланыштуу, «Манас» эл аралык аэропортуна караштуу «Манас Менежмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун кээ бир кызматкерлерин аэропорттун Бишкек филиалындагы авиациялык коопсуздук кызматына которуу иштери жүргүзүлүп жатат. Которулган кызматкерлер штаттык тизимге кирип, эмгек акысы жана социалдык жеңилдиктери да сакталат, - деп билдирди Курбанова.

«Манас» эл аралык аэропорту - өлкөдөгү эң ири жана кирешелүү ишканалардын бири. Бул компаниянын курамына өлкөдөгү беш эл аралык жана алты аймактык аэропорт кирет. (BkA)