Райондун Багыш айыл аймагынын имаратында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен улгайган адамдардын борбору ачылды.
Борборго жашы 50дөн ашкан адамдар тартылып, аларга адистер жана окутуучулар көл өнөрчүлүктү, жүндү кайра иштетүүнү жана компьютерде иштөөнү үйрөтүшөт. Мындан сырткары жума сайын психологдордун сабактары да каралган.
Ошондой эле карылар чогулуп көркөм тасмаларды да бирге көрө алышат. Борбордун негиздөөчүсү «Аймира» коомдук фондунун төрайымы Анаргүл Машаева долбоор бир жылга пландалганын билдирди.
Уюштуруучулар миңден ашык карыган адам борборго тартылат деп максат кылууда.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 630 миңден ашуун улгайган адам жашайт. (RsK)