Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан эки адам мүрт кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

14-октябрда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 155-чакырымында (Париж тилкеси) болгон жол кырсыгынан эки киши мүрт кетип, беш адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, «Хонда-Степ» жана «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү машинелер сүзүшкөн.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын өлүктөрүн автоунаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар «Тез жардам» кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. (BTo)