Кыргызстандан умрага баргандар үч-төрт эсе көбөйдү

Мусулмандар ыйык туткан Кааба.

2018-жылы Сауд Арабиясына умра зыяратына Кыргызстандан 11 миң адам барды. Мусулмандардын дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов «Азаттыкка» билдиргендей, бул сан эки-үч жыл мурдагыга салыштырмалуу үч-төрт эсе көп.

Умра сапарын 15 туристтик фирма уюштурат. Бирок «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамда ажылык менен умра зыяраттарын уюштуруу жана жөнгө салуу муфтиятка берилген.

- «Укуктук жактан караганда, мусулмандардын дин башкармалыгы умраны уюштурууну кантип өзүнө алат?» - деген суроо бар. Бул үчүн муфтий Максатбек Токтомушевге эрк керек. Муфтият туристтик фирмалар менен келишим түзүп, зыяратты уюштурууну көзөмөлдөөгө тийиш, - деди Бакыт Нурдинов.

Умра сапарын уюштурууну Мусулмандар дин башкармалыгы көзөмөлүнө алууну көздөп жатканын мурдараак муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирген.

Мусулман коомчулугунда умра «кичи ажылык» деп аталып, адамдар каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат кылып келишет. (SE)