Багдадда кырдаал кайра курчуду

Багдаддын көчөлөрүнө чыккандар. 25-октябрь, 2019-жыл.

Ирактын полициясы Багдадда нааразылык акциясына чыккандарды кууп таратыш үчүн жаш агызчу газ колдонду. Өкмөткө каршы массалык демонстрациялар үч жумалык тыныгуудан кийин кайра жанданды.

Айрым маалыматтарда полиция асманга ок атканы айтылууда.
Ирактын Адам укуктары боюнча комиссиясы бери дегенде эки демонстрант өлгөнүн, 100гө жакыны жарадар болгонун билдирди.

25-октябрда коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразы болгон эл баш калаадан тышкары өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаарда көчөлөргө чыкты.

Демонстранттардын айрымдары жумага караган түндү Багдаддагы борбордук «Тахрир» аянтында өткөрүштү. Өкмөттүк кеңселер жайгашкан Жашыл зонага карай жылган демонстранттарды полиция токтотту.

«Reuters» агенттиги дарыгерлерге таянып кабарлагандай, тартип коргоочулар чачыраткан газдан жабыркап, кеминде 20 киши ооруканаларга кайрылды.

Ирактагы нааразылык акциялары 1-октябрда башталып, андан бери ар кандай кагылышууларда расмий маалыматтар боюнча 157 киши өлгөн.