Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу – Бүргөндү жолунда кырсыктан эки адам каза болду. Алар жубайлар экенин «Азаттыкка» облустук жол кыймыл коопсуздугунун башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-октябрда болгон. «Мерседес Бенц 220» үлгүсүндөгү жеңил машине жардан сай жээгине кулап кеткен.
Натыйжада унаанын 63 жаштагы айдоочусу жана жубайы - 58 жаштагы аял жеринде каза болду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанда жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, бул көрсөткүч былтыркыга караганда 9,2 пайызга жогорулады. (RsK)