ЖЭБди модернизациялоо боюнча сотто айыпталуучулар сурала баштады

Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. «Азаттыктын» коллажы.

Баш калаадагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот ишинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда күбөлөр суралып бүтүп, айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады.

Бул тууралуу аталган иште шек саналып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын маалыматына караганда, айыптоо корутундусундагы тартип боюнча 30-октябрда Исаков биринчилерден болуп суралды.

- Сапар Исаков сотто «ЖЭБди 150 миллион долларга модернизация кылса болот деген бир да документ жок» деп айтты. Айыптоочу тарап «Дүйнөлүк Банк 150 миллион долларга модернизация кылса болот деген» деп жатышат. Бирок бул жөн гана курулай сөз да. Дүйнөлүк Банктын өкүлү сотко келип «2010-жылы бул тууралуу кеп болгон. Бирок эч кандай эсептөөлөр жок» деп айтты. Сапар Исаков андан тышкары «мен эч кимге басым жасаган эмесмин. 2013-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга Кытайдын башчысы келмек. Мен президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси катары өзүмдүн кызматтык милдетимди аткарып, кол коюлчу документтер боюнча отурумдарды өткөргөм» деди.

Жоошев Сапар Исаковду суроо 31-октябрда уланарын, бирок сот күбөлөрдүн баарын сурабай туруп айыптоочуларга өтүп кеткенин айтты. Ал «Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорунан өлкө 111 миллион доллар зыян тарткан» деген корутунду чыгарган мамлекеттик курулуш агенттигинин жана «Энергопроект» ишканасынын кызматкерлери суралбай калганын билдирди. Алар бир нече жолу сотко чакыртылып, бирок көрсөтмө берүүгө келген эмес.

Буга чейин ишти тергөөнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасаган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк Банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланып, бирок 2013-жылы анын баасы эки эсе жогорулап кеткенин белгилеген.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган. (BTo)