1-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 16…18° градус болот.