«Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы сабалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Беткапчан белгисиз адамдар «Кыргыз көмүр» ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевди сабап кетишкен. Бул тууралуу өлкө аймагында катталган кылмыштар жөнүндө баяндаган «Сводка» агенттиги жазды.

Окуя 1-ноябрга караган түнү Туңгуч кичирайонунда болгон. Ашырбаев спорт залдан чыгып келаткан. Бул фактыны Октябрь райондук милициясы иликтеп жатат.

Азырынча милицияда окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгү боло элек. (TSh)