Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды

Т.У. Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров 6-ноябрда билдирди.

Фейсбуктагы жеке баракчасына ал “Турдакун Усубалиев өлкөнүн экономикалык негизин түзүүгө жана бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурган, ондогон ири ишканаларды жүргүзгөн. Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымынын берилиши анын элине болгон көп жылдык кызматы үчүн, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн жыргалчылыгына анын эмгеги үчүн энергетиктердин көрсөткөн урмат-сыйы экенин баса белгилеп кетмекчимин” деп жазды.

Бүгүн 6-ноябрда Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иш-чара өтүүдө.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. (RK)