Жээнбеков: диний лидерлер да өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга тийиш

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет диний чөйрөнү тескөө иштерин жандандырарын айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 21-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн «Ислам жана православие - тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.

Жээнбеков учурда көп жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгонун, ушундан улам мамлекеттин ролун күчөтүү зарыл экени белгиледи.

Биз баарыбыз дин коом турмушунун маанилүү бөлүгү экенин так түшүнүшүбүз керек. Ошондуктан мамлекет бул чөйрөдөн четтеп кете албайт. Мамлекет мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүк үчүн, ар кандай конфессиялардын карым-катнашта жашоосу үчүн шарт түзөт. Өз кезегинде диний лидерлер да мыйзам алкагында өлкөнү өнүктүрүүгө көмөктөш болуп, коомубуздагы тынчтык жана туруктуулук үчүн жоопкер болушу керек, — деди Жээнбеков.

Президент азыркы реалдуулуктарды эске алып мамлекет менен диндин конструктивдүү кызматташтыгын камсыз кылуу керек экенин айтты. (BTo)