Азимжан Аскаров өкмөткө кайрылды

Азимжан Аскаров. 2017-жыл.

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин пикирине байланыштуу кандай иштер аткарылганы тууралуу маалымат берүүнү өтүндү.

«2016-жылдын 31-мартындагы пикир боюнча кандай чара көрүлгөнү тууралуу маалымат берүүңүздөрдү өтүнөм. Жакында бул пикир айтылганына төрт жыл болот. Эреже боюнча анын аткарылышы тууралуу өкмөт 180 күндүн ичинде маалымат бериши керек эле», - деп айтылат Аскаровдун 25-ноябрда жарыяланган кайрылуусунда.

Жогоруда аталган документте БУУ комитети Аскаровго айып коюу жана соттоо жараянында бир катар мыйзам бузуу болгону жазылган. Кыргыз өкмөтү азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаров куру доомат менен камалганын, ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүү керек экенин айтып келатышат. (RK)