Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды

Мелис Калыков.

Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган 40 жаштагы Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин абакка кести.

Чечим 27-ноябрда чыкканын «Азаттыкка» анын бир тууганы Дарика Калыкова билдирди. Маалыматты Ош облустук соту тастыктады.

Соттолуучунун эки адвокаты тең алыста болгондуктан отурумга катыша албай калганын билдиришти. Калыкова иниси курулай жалаага кабылганын, иш далилденбей эле сот чечими чыкканын айтып, нааразы болууда.

Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келген.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны 2019-жылдын 7-майында башталган. Тергөөдө 50дөн ашык күбө суралган. (SE)