Орусия Кыргызстанга эки тик учак берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстанга МИ-8МТ жана П-18 тик учагын берди. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Орусиянын Коргоо министрлигинин 2018-жылы кол коюлган келишимине ылайык бул техника кайтарымсыз жардам катары берилди.

27-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн №23565 аскер бөлүгүнүн Кант шаарындагы авиациялык-техникалык эксплуатациялык бөлүгүндө аскер техникасын, МИ-8МТ жана П-18 тик учактарын тапшыруу аземи болду. Ага Башкы штабдын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев жана Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин катышкан. (TSh)