3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү

Иллюстрациялык сүрөт.

3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу Бишкектеги «Sheraton» мейманканасында фестиваль жана көргөзмө болот. Ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышары расмий кабарланды. 

Майыптардын эл аралык күнү жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Өлкөдө мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарттын жоктугун активисттер сындап келатышат. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленет.