Алайда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда катталган жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 3-декабрда саат 16:03тө болгон. Күчү үч баллга жеткен силкинүү Алай районунун Кара-Киндик айылында эки баллга чейин сезилди.

Кыйроо жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.