Жаңы жылдык эс алуу күндөрү аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү жаңы жылдык эс алуу күндөрүн аныктоо боюнча сунушун министрликтер менен мекемелерге жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Январдын 1инен 7сине чейин эс алганы үчүн кыргызстандыктар дем алыш деп аныкталган 24-февралда, 9-мартта жана 23-мартта иштешет.

Ал эми 11-май эс алуу күнүнүн ордуна 4-май дем алыш болот.

Ошентип, январда жети күн удаа, май айында беш күн удаа (1-5-май) дем алыш болот. (RK)