Баткен шаарында жаңы типтүү мектептин курулушу башталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров мектептин курулушуна капсула салды.

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң конушунда 375 орундуу жаңы типтүү мектептин курулушу башталды. Ага Сауд өнүктүрүү фондунан 84 млн. сом грант бөлүнгөнүн өкмөттүн облустук өкүлчүлүгү кабарлады.

Курулуш 2020-жылдын аягына бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

2019-жылда Баткен облусунда курулушу башталган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн 31 билим берүү мекемеси бар. 

Жаңы окуу жылына республикалык бюджеттен 3 типтүү, донорлордун эсебинен 1 башталгыч мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

2020-2021-жаңы окуу жылына дагы 7 мектепти пайдаланууга берүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Облуста жалпысынан 233 орто мектеп бар. (JsA)