«Ордо Сахна» театрынын 20 жылдыгына арналган концерт болот

«Ордо Сахнанын» концерти. 2015-жыл.

Бүгүн Бишкекте «Ордо Сахна» театрынын 20 жылдыгына арналган концерт болот.

Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган майрамдык иш-чарада улуттук кийимдин коллекциясы, бийлер жана театрдын репертуарындагы эң мыкты чыгармалар тартууланат.

«Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдан бери улуттук музыкалык аспаптарды, фольклордук музыканы дүйнө жүзүнө таанытып келе жатат. Топ түрдүү көркөм эксперименттери менен белгилүү. (RK)