Депутат президентке айтылган сын үчүн күч органдарына кайрылды

Тынчтыкбек Шайназаров.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында парламенттин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров сүйлөп жатып, президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек экенин айтты:

- Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» деп туруп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болуп атам. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет экен» же «Стамалиева айым оюн билдирет экен» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңарды кол астыңарда армия бар. Ошол багытта дагы жумуштарды алып барсаңар деп суранат элем.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жыйындын башында сүйлөп, учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгилеген. (TSh)