12-декабрда Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарынын Кечиөрен аймагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бактын жана анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Айкелди жергиликтүү түрк айкелчилер даярдаган. Улуу жазуучунун туулган күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара бир жылдан бери Анкара шаарынын мэриясы жана Анкарадагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан даярдалган. Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттери Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген «100 классикалык чыгарма» тизмесине кирген.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялаган. Ушундан улам жыл бою Түркиянын ар тарабында залкар жазуучуга арналган бир канча иш-чаралар өттү. Стамбул шаарында жазуучунун айкели орнотулган. Мындан тышкары, Түркиянын чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактар бар. Измир шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы лицей ачылган. (ElB)