Бишкекте Жаңы жылдык балатынын ачылышы болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте Жаңы жылдык балатынын ачылышы болот. Ала-Тоо аянтында өтө турган салтанатка байланыштуу Эркиндик, Чүй, Панфилов көчөлөрүнүн айрым жерлеринде жол убактылуу жабылат.

Бул үчүн баш калаанын мэриясы шаардыктардан алдын-ала кечирим сурады.

Балаты 29-ноябрда орнотула баштаган. Бүгүнкү майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолот. (RK)