Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Баткен, Максат айылы.

16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо башташкан. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Окуя болгон аймакка Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, тактала элек чек ара тилкесиндеги курулушту токтотууга чакырган. Бирок алар талапты аткарышкан эмес.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызманын өкүлдөрү, кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары жолугушуп жатат. Кыргыз тарап чек араны делимитация жана демаркация иштери бүтмөйүнчө тактала элек аймакка кандай гана курулуш иштери болбосун жүргүзүлбөшү керек деген талапты коюшууда.

Быйыл 16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Чырда кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (BTo)