Орусия Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин чечимин сотто талашат

Орусия допингден улам өлкөнү төрт жылга ири мелдештерден четтеткен чечимди сотто талаша турган болду. Бейшембиде өлкөнүн Кызытмага каршы агенттиги – RUSADA өткөн аптада Допингге каршы дүйнөлүк агенттик - WADA чыгарган жазалоочу чараларга макул эместигин билдирди.

Билдирүүдө 10-15 күндүн ичинде мекеменин президентинин атынан кат жолдонору, бул кадам Лозаннада жайгашкан Спорт боюнча Арбитраждык сотто апелляциялык процессти баштоого негиз берери айтылат.

9-декабрда дүйнөлүк агенттик орусиялык атлеттерди жана расмий адамдарды Олимп оюндарынан, дүйнө чемпионаттарынан жана башка ири мелдештерден төрт жылга четтетүү чечимин кабыл алган. Анын алдында агенттик Москва январда иликтөөчүлөргө берилген лабораториялык анализдерди бурмалаган деген бүтүмгө келген.

19-декабрдагы пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Владимир Путин WADA адилетсиз аракеттенгенин сындады.

Тыюу Токиодогу эмки жылкы Олимпиадада жана 2022-жылы футбол боюнча Катардагы дүйнө чемпионатында орусиялык желекке жана гимнине уруксат берилбейт дегенди билдирет.

Кызытма колдонбогонун далилдей алган орусиялык спортчулар нейтралдуу желек астында ат салышмакчы.