Чоң-Капкада 2 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы Чоң-Капка көзөмөл-өткөрмө бекетинде дээрлик 2 миллион сомдук аткезчилик жүк кармалганын билдирди.

23-декабрда таратылган кабарга ылайык, тийиштүү документтери жок жүк Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлүп жатканда колго түшкөн.

“Volvo” жүк унаасындагы товарлардын арасында дары-дармек, сагыз жана парфюм каражаттары болгон. Айдоочу көрсөткөн документте машинеде сантехника буюмдары бар экени жазылган.

Жүктүн жалпы суммасы 1 905 000 сом деп эсептелип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жүктүн ээси жана жарандыгы жөнүндө маалымат бериле элек. 

Эки мамлекеттин ортосунда 11 автоунаа өткөрүү пункту бар.