Орусиянын авиациясы Сириянын Идлиб провинциясына сокку урду

Орусиялык авиация Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына сокку урду. AFP агенттиги сегиз киши өлүп, анын бешөө балдар экенин кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Орусиянын жана Сирия өкмөтүнүн аскердик аракеттеринен улам 16-декабрдан бери он миңдеген тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн борбордун эсебинде ошол убакыттан бери 80ге жакын жай тургун аба соккуларынан мүрт кеткен.

Өткөн жумада президент Башар Асаддын аскерлери Идлиб провинциясынын түштүгүндөгү ондогон шаар-кыштактарды өз көзөмөлүнө алды.