Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош жергесинде жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 27-декабрда саат 05:54тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен титирөө катталды.

Жердин титиреши Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 балл болуп сезилди.

Кыйроо жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (RK)