Зайырбек Ажыматовго Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды

Зайырбек Ажыматов.

"Азаттыктын" кабарчысы, акын Зайырбек Ажыматов мамлекеттик сыйлыкка татыды.

30-декабрда президенттин жарлыгы менен Ажыматовго Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наам ыйгарылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ондогон ишмерлер, белгилүү адамдар мамлекеттик сыйлыктарга татыды.

Ажыматов «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана "Жүрөктөгү бороон" (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.

Учурда "Азаттык" радиосу менен маданий темадагы макала, баяндарды даярдап, кызматташат. (RK)